Telegram Group Search
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Бишкекте Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясын ачты

****
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров открыл Юридическую академию Генеральной прокуратуры в Бишкеке
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Аталган Макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын миграция, бир тараптын мамлекетинин экинчи тараптын мамлекетинин аймагында болгон жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык маалымат жана тажрыйба алмашуу жаатында өз ара кызматташуу каралган.


****


Внесены изменения в Закон «О ратификации Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Азербайджанской Республики о сотрудничестве в области миграции»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Азербайджанской Республики о сотрудничестве в области миграции, подписанного 24 апреля 2024 года в городе Баку».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 11 декабря 2024 года.

Закон принят в целях выполнения Кыргызской Республикой внутригосударственных процедур по вступлению в силу Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Азербайджанской Республики о сотрудничестве в области миграции, подписанного 24 апреля 2024 года в городе Баку.

Данным Соглашения предусматривается сотрудничество Кыргызской Республики и Азербайджанской Республики в области миграции, обеспечения защиты прав граждан государства одной стороны, находящейся на территории другого государства, а также взаимного обмена информации и опыта в соответствии с национальным законодательством и международными обязательствами данных государств.
Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун Өнүктүрүү программасынын Башчысы Александра Соловьева менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова бүгүн, 20-январда, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин Башчысы Александра Соловьева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча учурдагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүү пландарын талкуулашты. Анын ичинде, тоолуу региондордун жашоочуларынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, алардын инфраструктурага, энергия булактарына, саламаттык сактоого, сууга, санитарияга жана башка социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери каралды.

Динара Кемелова Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагында бир катар эл аралык иш-чаралар пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин Башчысы Александра Соловьева Тоо күн тартибиндеги маселелер боюнча мындан аркы кызматташуусун толук колдоорун жана тоодогу тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана жогорулатууга, ошондой эле аялдарды жана калктын аялуу топторун колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар тоо жамааттарын колдоону, тоо экосистемаларын коргоо максатында тыгыз жана активдүү кызматташууну улантууну, тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашты.

****


Спецпредставитель Президента Динара Кемелова провела встречу с Главой ПРООН в КР Александрой Соловьевой

Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов Динара Кемелова сегодня, 20 января, провела встречу с Главой офиса Программы развития ООН в Кыргызстане Александрой Соловьевой.

В ходе встречи стороны обсудили текущее сотрудничество и планы взаимодействия по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов. В частности, вопросы касались улучшения социально-экономического положения жителей горных регионов, обеспечения их доступа к инфраструктуре, энергоносителям, здравоохранению, воде и санитарии и другим социальным услугам.

Динара Кемелова рассказала о ряде планируемых международных мероприятий в рамках Пятилетия действий по развитию горных регионов.

В свою очередь, Глава офиса Программы развития ООН в КР Александра Соловьева выразила полную приверженность дальнейшему сотрудничеству по вопросам горной повестки и отметила о готовности активно участвовать в реализации совместных проектов, направленных на улучшение условий жизни и повышение качества жизни горных жителей, а также поддержки женщин и уязвимых групп населения.

Стороны договорились продолжить тесное и активное сотрудничество в целях поддержки горных сообществ, защиты горных экосистем, проводить совместные мероприятия, исследования и реализовывать проекты по устойчивому горному развитию.
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

********

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту Турции Реджепу Тайипу Эрдогану

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму c соболезнованиями Президенту Турецкой Республики Реджепу Тайипу Эрдогану в связи с гибелью людей в результате пожара в гостинице в провинции Болу.

"С глубокой печалью воспринял новость о гибели людей в результате пожара в гостинице в провинции Болу Турецкой Республики. От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю соболезнования семьям и близким погибших, а пострадавшим желаю скорейшего выздоровления", — говорится в телеграмме Главы государства.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын 1-беренесине ылайык аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашыруу үчүн кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган, диний иш субъекттеринин статусун, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын ишине байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– Мыйзамдын түшүнүк аппаратын кеңейтүү (Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр);

– мамлекет менен дин уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн так регламентациялоо;

– диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболорду, анын ичинде диний уюмдарды түзүү, алардын ишин аткаруу жана токтотуу тууралуу жоболорду жакшыртуу;

– тыюу салынган иш-аракеттердин толук тизмесин белгилөө;

– диний билим алуу тууралуу жоболорду так регламенттештирүү;

– дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук статусун белгилөө;

– диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин түрлөрүн классификациялоо жана алардын эсептик каттоо тартибин аныктоо;

– диний иш субъекттеринин мүлктүк абалы, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу жоболорду аныктоо.

Аталган Мыйзам 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.

***

Подписан Закон «О свободе вероисповедания и религиозных объединениях»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О свободе вероисповедания и религиозных объединениях».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 26 декабря 2024 года.

Данный Закон принят в целях совершенствования законодательства Кыргызской Республики в религиозной сфере.

В соответствии со статьей 1 Закона принятый Закон направлен на обеспечение гарантий для осуществления свободы вероисповедания в соответствии с Конституцией Кыргызской Республики и общепризнанными принципами и нормами международного права, а также международными договорами, вступившими в силу в установленном законодательством порядке, определяет статус, права и обязанности субъектов религиозной деятельности, регулирует отношения, возникающие в связи с их деятельностью.

Принятым Законом предусматривается:
– расширение понятийного аппарата Закона (термины и понятия, используемые в Законе);
– более четкая регламентация взаимодействия государства и религиозных организаций;
– совершенствование положений о государственном регулировании деятельности религиозных организаций, в т.ч. порядок создания, осуществления и прекращения деятельности субъектов религиозной деятельности;

– установление исчерпывающего перечня действий, совершение которых запрещены в религиозной деятельности;
– четкая регламентация положений о религиозном образовании;
– устанавливается правовой статус уполномоченного государственного органа по делам религий;
– классификация видов субъектов религиозной деятельности, а также определение порядка их учетной регистрации;
– определение положений об имущественном положении, правах, обязанностях и ответственности субъектов религиозной деятельности.

Данный Закон вступает в силу с 1 февраля 2025 года.
Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын ишке ашыруу жана жоопкерчиликтерди белгилөө менен диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.

Атап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекске төмөндөгүдөй мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликтерди белгилеген өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

– эмгекке жана кызматтык ишке байланыштуу, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөр боюнча жүзүн жапкан кийимдерди кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жарандын өздүгүн идентификациялоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийгендиги үчүн;

– абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы же болбосо аны жүзөгө ашырууга мажбурлап, психологиялык күч колдонуу жана өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулук же болбосо мындай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалган аракеттер, ошону менен катар башка динге ишенгендерди, диний бейтарап адамдарды жана атеисттерди өз динине киргизүүгө багытталган аракеттер үчүн;

– карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө диний жөрөлгөлөрдү, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды дин ишмерлерин, чет өлкөлүк диний уюмдардын насаатчыларын чакыруу менен өткөргөндүгү үчүн;

– диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү үчүн;

– диний адабияттарды, башка диний басылмаларды, аудио жана видео материалдарды коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында, ошондой эле турак жайларга баруу аркылуу тараткандыгы үчүн.

Мыйзамда “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып, анда диний негизде саясий партияларды түзүүгө, саясий партиялардын үгүт иштеринде светтик принципти сактоо менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жол бербөө талап кылынып, алардын ишин чет өлкөлүк партиялар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле диний иштин субъекттери тарабынан каржылоосуна тыюу салынат.

Андан сырткары, Мыйзам менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына светтик принципти сактоонун негизинде мамлекеттик кызмат менен диний ишти айкалыштырууга, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жана жайылтууга жол бербөө жана боюнча тиешелүү ченемдер киргизилген.
Внесены изменения в некоторые законодательные акты в религиозной сфере


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 26 декабря 2024 года.

Настоящий Закон разработан и принят в целях реализации прав и установления ответственности граждан и религиозных объединений в их деятельности, а также для приведения законодательных актов в религиозной сфере в соответствие с Законом Кыргызской Республики «О свободе вероисповедания и религиозных объединениях».

Так, в статье 1 Закона предусмотрено внесение изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, предусматривающих ответственность:

– за ношение одежды, не позволяющей идентифицировать личность гражданина в учреждениях органов государственной власти и общественных местах, за исключением одежды, связанной с трудовой и служебной деятельностью или закрывающей лицо по медицинским показаниям;

– за воспрепятствование осуществлению права на свободу совести и вероисповедания либо принуждение к ее осуществлению, совершенное с применением психологического и физического воздействия, насилия, не опасного для жизни и здоровья, либо с угрозой применения такого насилия, в том числе действия, направленные на обращение в свою религию последователей других вероучений, религиозно нейтральных людей и атеистов;

– за проведение религиозных обрядов, собраний и иных религиозных мероприятий в домах престарелых и инвалидов, исправительных учреждениях или следственных изоляторах, а также соединениях, частях и подразделениях Вооруженных сил Кыргызской Республики с приглашением религиозных деятелей, проповедников и проповедников зарубежных религиозных организаций;

– за вмешательство религиозных организаций или их представителей в деятельность органов государственной власти, местного самоуправления и их должностных лиц;

– за распространение религиозной литературы, иных религиозных печатных, аудио- и видеоматериалов вне зависимости от носителей информации в общественных местах, государственных и муниципальных организациях, в дошкольных образовательных и общеобразовательных организациях, кроме объектов религиозного назначения, а также путем обхода жилых помещений.

Законом также предусмотрено внесение изменений в Закон Кыргызской Республики «О политических партиях», не допускающие создание политических партий на религиозной основе, требования соблюдения принципа светскости в агитационной деятельности политических партий и запрещающие их финансирование со стороны юридических и физических лиц иностранного государства, а также религиозных организаций (объединений).

Кроме того, Законом предусмотрено внесение изменений в законы Кыргызской Республики «О статусе депутатов местных кенешей», «О выборах депутатов местных кенешей» и «О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» о несовместимости государственной службы с религиозной деятельностью, а также о недопустимости применения и распространения информации религиозного содержания при проведении предвыборной агитации.
“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан, Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов, Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя, Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында кабыл алынган.

****

Подписан Закон «О переименовании отдельных айылных аймаков и сел Джалал-Абадской, Нарынской, Таласской, Чуйской и Иссык-Кульской областей Кыргызской Республики»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О переименовании отдельных айылных аймаков и сел Джалал-Абадской, Нарынской, Таласской, Чуйской и Иссык-Кульской областей Кыргызской Республики».

Закон был принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 5 декабря 2024 года.

Закон принят в целях переименования села Таштак айылного аймака Ак-Джол Аксыйского района в село Малкалды, села Параканда айылного аймака Э. Алиев Ноокенского района Джалал-Абадской области в село Баракелде, села Большевик айылного аймака Ормон-Хан Кочкорского района Нарынской области в село Баялы Исакеев, села Ынтымак айылного аймака Акназаров Бакай-Атинского района в село Шадыкан, села Новодонецкое айылного аймака Кыргызстан Манасского района в село Айтматов, села Козучак айылного аймака Беш-Таш Таласского района в село Жанкороз-Олуя, села Балбал айылного аймака Беш-Таш Таласского района Таласской области в село Жаныбек Баатыр, села Чон-Арык айылного аймака Ак-Суу Московского района Чуйской области в село Сыйдалы, села Теплоключенка айылного аймака Кыдыр-Аке Ак-Сууйского района Иссык-Кульской области в село Ак-Суу.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-январда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Лю Цзянпинди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы аны дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын белгиледи.

Президент КР жана КЭРдин ортосундагы байланыштар саясат, экономика жана соодадан тартып илим, маданият жана билим берүүгө чейинки чөйрөлөрдү камтый турганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттин өнүгүшүндө негизги ролду ойногон инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сентябрда биз Кытай тарап менен биргеликте “Бедел” үчүнчү өткөрмө пунктун ачтык, бул Кытай менен транспорттук өз ара байланышты бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болду. Өткөн жылдын 27-декабрында Жалал–Абадда “Кытай-Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышы тарыхый окуялардын бири болду”, - деди Мамлекет башчысы.

Ал Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканына канааттануусун билдирди.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Лю Цзянпин бул кызматка дайындалышын анын жашоосундагы тарыхый учур деп атап, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө жемиштүү ишке даяр экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын маданиятын жана коомдук турмушун жакшы билерин, бул анын өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүгө умтулуусуна өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Лю Цзянпин “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушун ал активдүү колдоого ниеттенген негизги долбоорлордун бири деп атады.

“Бул магистралды ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда гана эмес, бүтүндөй Евразия континентинин масштабында транспорттук инфраструктураны жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп калат”, - деди Элчи.

Ал транспорттук өз ара байланыш маселесине өзгөчө көңүл буруп, жакында “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышын атап өттү. Ал белгилегендей, Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен чек арасында иштеп жаткан сегиз өткөрүү пунктунун үчөө кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан, бул эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин чагылдырат.

Элчи ошондой эле 2024-жылы “Джунда” заводун ишке киргизүү сыяктуу инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу жылыштарды баса белгиледи.

Бул контекстте Лю Цзянпин өз ара инвестиция чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал Кытай ишкерлеринин Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө болгон жогорку кызыгуусун белгиледи, бул нерсе өлкөдөгү ачык жана жагымдуу инвестициялык климаттын аркасында мүмкүн болду.

Аягында Элчи эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров принял Посла КНР в Кыргызстане Лю Цзянпин

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 января, принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Китайской Народной Республики в Кыргызской Республике Лю Цзянпин по случаю вручения верительных грамот.

Глава государства поздравил её с началом дипломатической миссии и отметил, что Кыргызстан высоко ценит установившееся всеобъемлющее стратегическое партнёрство с Китайской Народной Республикой.

Президент подчеркнул, что сотрудничество между КР и КНР охватывает широкий спектр сфер — от политики, экономики и торговли до науки, культуры и образования.

Садыр Жапаров выразил благодарность Китайской Народной Республике за её активное содействие в реализации инфраструктурных и социальных проектов, которые играют ключевую роль в развитии государства.

«В сентябре мы совместно с китайской стороной открыли третий пункт пропуска «Бедель», что стало очередным шагом на пути к укреплению транспортной взаимосвязанности с Китаем. Одним из исторических событий стало начало строительства железной дороги «Китай–Кыргызстан–Узбекистан», которое состоялось 27 декабря прошлого года в Джалал-Абаде», — сказал Глава государства.

Он констатировал, что Китай является одним из главных торговых и инвестиционных партнёров Кыргызстана, и выразил удовлетворение тем, что объём двустороннего товарооборота продолжает демонстрировать стабильный рост.
В свою очередь Чрезвычайный и Полномочный Посол Китайской Народной Республики Лю Цзянпин назвала своё назначение на эту должность историческим моментом в её жизни и выразила готовность к плодотворной работе в укреплении двустороннего сотрудничества. Она подчеркнула, что ей хорошо знакома культура и общественная жизнь Кыргызстана, что способствует её стремлению эффективно развивать дипломатические отношения между странами.

Лю Цзянпин назвала строительство железной дороги «Китай–Кыргызстан–Узбекистан» одним из ключевых проектов, который она намерена активно поддерживать.

«Успешная реализация этой магистрали станет важным этапом в развитии транспортной инфраструктуры и экономического взаимодействия не только между Кыргызстаном и Китаем, но и в масштабах всего Евразийского континента», — сказала Посол.

Особое внимание она уделила вопросу транспортной взаимосвязанности, отметив недавнее открытие пункта пропуска «Бедел». Она подчеркнула, что из восьми пунктов пропуска, действующих на границе Китая со странами Центральной Азии, три расположены на кыргызско-китайской границе, что отражает высокий уровень сотрудничества между двумя странами.

Посол также подчеркнула значительный прогресс в реализации инфраструктурных и инвестиционных проектов, таких как запуск завода «Джунда» в 2024 году.

В этом контексте, Лю Цзянпин акцентировала внимание на важности расширения сотрудничества в сфере взаимных инвестиций. Она отметила высокий интерес китайских предпринимателей к развитию бизнеса в Кыргызстане, что стало возможным благодаря открытому и благоприятному инвестиционному климату в стране.

В завершение Посол выразила уверенность, что дальнейшее укрепление двустороннего партнёрства будет способствовать реализации стратегически важных проектов и развитию отношений между двумя странами.
2025/04/11 18:43:14
Back to Top
HTML Embed Code: