Депутаттар кыргызстандыктарды кыймылсыз мүлкүн камсыздандырууга милдеттендирген мыйзам кабыл алды. Мыйзамды аткарбагандарга айып салынат
Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлктү кайра каттоодо өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу полисин талап кылууну сунуштаган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Кошумчалай кетсек, документте эгер жаран кыймылсыз мүлкүн күрөөгө калтыргысы келсе, бул полисти талап кылуу да киргизилген.
Бул мыйзам автоунааларга да тиешелүү.
Камсыздандыруу полиси жок болгондор үчүн айып 2 миң сом болот.
Кырсык болгон учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 700 миң сомго чейин төлөп берет. Эгерде адам жол кырсыгынан майып болуп калса, компенсациянын өлчөмү 300 миң сомго чейин жетет.
@kgosho Билип жаша!

Telegram
OSHO
ОШО...БИЛИП ЖАША!
Эми кыргызстандыктар айып пул же мамлекетке карызын аэропорттон төлөй алышат
Чет элге сапарга чыгып жатканда төлөнбөй калган айып пулуңуз болсо аэропорттон төлөп койсоңуз болот. Бул үчүн атайын терминалдар оронтулду.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча буга чейин кыргызстандыктар айып пулу же карызы бар экенин сапар алдында билип, көзөмөл өткөрүү пунктарынан өтө албай, билеттери күйүп кеткен учурлар болгон. Эми мындай абал жаралса дароо терминал аркылуу төлөп, учуп кете берсе болот.
@kgosho Билип жаша!
Чет элге сапарга чыгып жатканда төлөнбөй калган айып пулуңуз болсо аэропорттон төлөп койсоңуз болот. Бул үчүн атайын терминалдар оронтулду.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча буга чейин кыргызстандыктар айып пулу же карызы бар экенин сапар алдында билип, көзөмөл өткөрүү пунктарынан өтө албай, билеттери күйүп кеткен учурлар болгон. Эми мындай абал жаралса дароо терминал аркылуу төлөп, учуп кете берсе болот.
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
ОШО...БИЛИП ЖАША!
Депутаттарга кызматтык унаалар кайтарылып берилмей болду. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду
Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду. Ага ылайык эми эл өкүлдөрүнө кызматтык унаалар кайрадан берилет.
Буга чейинки мыйзамга ылайык 1-топтогу майыптыгы бар гана депутаттар кызматтык унаа алганга укуктуу болчу. Ошол эле учурда эми ЖК депутаттары жеке унаасы менен да ыйгарым укуктарын аткара алышат.
Парламентарийге автоунаа берүү тартибин минкаб аныктайт.

Сбербанк Бишкекте инновациялык мектеп ачат
Вице-премьер-министр Эдил Байсалов "Сбербанк" АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ольга Голодец менен жолугушту.
Тараптар саламаттыкты сактоо, билим берүү жана санариптик долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл алдыңкы медициналык технологияларды, анын ичинде бейтаптарды аралыктан көзөмөлдөөнү, GigaChat интеллектуалдык фельдшерин жана GigaDoc диагностикалык системасын киргизүүгө бурулду.
Билим берүү тармагында алдыда Бишкек шаарында инновациялык "21-мектептин" ачылышы жана окуу процессине санариптик жардамчыларды киргизүү маселелери макулдашылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга жана Кыргызстанда санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

В. Путин Украина менен 30 күндүк элдешүүгө бир шарт менен макул болорун айтты
"Россия Укранина менен 30 күндүк элдешүүгө кол коюуга даяр. Бирок биз андан ары ок атышуу болбостугуна кепилдик алуу менен макул болобуз", - деди В. Путин.
Россия президенти 30 күндүк элдешүүдөн кийин кайра эле ок атышуу уланышын каалабастыгын айтты. Ал эгер элдешүү болсо ал артынан биротоло келүүчү тынчтыкты чакырууга кепилдик болушу зарылдыгын белгиледи. В. Путин биротоло тынчтык орнотууда Украина менен такташып алчу маселелер бар экендиге токтолду.
📌 Бул 30 күн кандай пайдаланылат? Эгер Украина мобилизацияны улантып, аскер күчтөрүн андан ары даярдап алуу үчүн колдонулса анда элдешүүгө кажет жок; 📌 Бул 30 күндө Украинага курал-жарак жеткирүү токтошу керек жана бул көзөмөлгө алынышы шарт; 📌 Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууга ким буйрук берет, анын наркы канчага турат; 📌 30 күндүк элдешүү кризистин негизги себептерин жоюушу шарт; 📌 Курск аймагына кирген участок эмне болот? Ал жерде карапайым калкты кыргандарды чыгарууга туура келеби же Украина аларга туткун катары багындырып береби, анткени алар учурда толугу менен курчоодо;
Россия лидери соңунда АКШ президенти Трампка Украинадагы жаңжалды чечүүгө көп убакыт бөлүп жатканына ыраазычылыгын билдирген.

Кыргызстан жана Тажикстан Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөнү маанилүү тарыхый учур катары карашат
Ушул жылдын 12-13-мартында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон расмий Бишкеке мамлекеттик сапары менен келип, кетти.
Аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзү аэропорттон тосуп алды. Тараптар бир топ багыттагы макулдашууларга кол коюшту. Алардын маанилүүлөрүнүн бири кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюу болду.
Тажикстандын президентинин расмий сайты бул иш сапарына байланыштуу эки тараптуу билдирүүлөрдүн тизмесин жарыялады. 21 бөлүктөн турган билдирүүдө
Кыргызстан жана Тажикстан лидерлери Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгын белгилөөнү эл аралык мамилелерде өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык атмосферасын түзүү үчүн маанилүү тарыхый учур катары карашат, деп белгиленген.

Министрлик 1-класстарды окутуу бала бакчаларда эле эмес, китепкана, музейлерде да жүргүзүлөрүн айтты
Кыргызстан 2025-2026-окуу жылынын башталышында 12 жылдык системага өтөт. Жарым жылга жетпеген аралыкта министрлик республика боюнча 3000 класс, дагы ушунча окутуучуну даярдашы керек. Ошону менен катар эле окуу китептеринин даярдыгы да бар. Министрлик 2024-жылдын август айында
Сингапурдан келген адистер 88 мастерди даярдап кетишкенин айтат. Учурда мына ушул 88 мастер мугалимдерди окутууда.
Министрликтин билдириши боюнча 16 000 окутуучу даярдыктан өтүп бүттү.
Мына ушул жерден эле мугалимдерди даярдоонун сапатын түшүнсөк болчудай. Министрлик өзү да бул кадамын көрүп турат. Анткени 24 kg сайтынын жазганына караганда министрликтин өкүлү бул даярдык курсунан өтүү өзгөчө 1-2-5-8-класстын окутуучулары үчүн гана өтө маанилүү деген таризди келтирген.
Ошол эле учурда мугалимдер каникул учурунда да, керек болсо ишемби, жекшемби күндөрү да окутулуп жатканы айтылганы менен, бул даярдыктан өтүү ар бир мугалимдин өз эрки менен жүрөрү кошумчаланган.
Ошондо, жаңы система боюнча окутууга даярдыктан өткүсү келбеген мугалимдер эмне болот?
Дагы бир кызыгы жалпы билим берүү стандарттары али кабыл алына элек, коомдук талкууда турат. Бирок мугалимдер окутулуп жатат. Кайсы иштелип чыккан программа менен эгер стандарттар кабыл алына элек болсо, деген суроо ачык бойдон калууда.
Муну менен катар эле тиешелүү мекеме 5 айдын ичинде 3000 башталгыч класстын мугалимин табышы шарт. Бул маселени министрлик бала бакчалардын чоң группасынын окутуучуларын мектептерге которуу, жаңы эле кесиптик коледждерди бүткөн кадрларды кайра даярдыктан өткөрүү менен толтурарын убадалайт.
Макул, кадр маселесин чечкенге жетишти дейли. Бирок имарат жетишпеген жерлерде китепкана, музей сыяктуу социалдык мекемелер 1-класстарды окутуу үчүн алынарын жарыялайт. Буга чейин бала бакчаларда кичинекей бөбөктөр менен орун талашып мектеп окуучулары да жүрөбү деген ата-энелер балдарынын музей же китепканада окуп жатканын элестете алар бекен.
Дагы бир жагдай, сингапурлук китептер жалпысынан өзгөрүлбөйт. Болгону ичиндеги жер, адам аттары дегендей жергиликтүү аталыштарга алмаштырылат. Эми мына ушул окуу китептери пилоттук режимде эмес дароо эле колдонууга кирери сизди ойлондурабы?
Анан калса бул кембридждик системадагы сингапурлук китептер ар 3 жылда алмашылып турганга ылайыкталган. Элестетсеңиз, биз 33 жылда мектептерибизди толук кандуу жаңы китептер менен камсыздай албай келебиз, ар 3 жылда алмаштыруу ансыз да толугу менен ишке кире элек жаңы системада эмне деген каражатты талап кылып, кандай башаламандыкка алып келет.
Өкүнүчтүүсү министрлик 12 жылдык системага өтүүгө мынча ашыкканы болгону кайсыдыр бир чет элдик эксперттер "же азыр өткүлө болбосо көптөгөн жылдар токтото тургула" деп койгонунда гана болууда.
Эскерте кетсек, Казакстан 12 жылдык окууга өтүүнү 2003-жылы баштаган. Али күнгө чейин толук кандуу өтүп жетише элек.

Ош шаарында 1 даанасы 200-250$ турган клен багы отургузулууда
Ош шаарынын Курманжан Датка жана Навои көчөлөрүндө наркы 200-250$ турган клен дарагы отургузулууда.
Көчоттөр Италиядан алып келинген.
Мэрия көчөттөрдүн тамыры топурагында экенин, бул отургузган жерине тамыр алып калуу максатында жасалганын билдирет. Ошону менен катар эле мындай баада канча көчот сатып алынганы айтылган эмес.
Бак сатып албай бак өстүрчү агрономдорду даярдаганга каражат коротсок жарашмак…

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Сурамжылоого катышкандардын 100% 12 жылдык окууга каршылыгын билдирген
Ак калпак расскажет каК каналы Бишкектиктерге сурамжылоо жүргүзгөн.
Анда 12 жылдык окуу сисетамасынын киришине макулсузбу деген соболго дээрлик баары каршылыгын билдиришкен.

ИИМ алдамчылык үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштоодо
Министрлик Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган мыйзамда акчалай жазаны алып салып, ордуна эркинен ажыратуу каралган.
📝 келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо менен байланышкан алдамчылык үчүн — 20-50 миң сомго чейин 📝 ушул эле жосун олуттуу өлчөмдө жана алдын ала бүтүм боюнча жасалса — эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, 50-100 миң сомго чейин айып пул салуу же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу 📝 ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн — 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу 📝 өзгөчө ири өлчөмдө, уюшкан топ же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу жасалган алдамчылык үчүн — 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу.

Бала асырап алуу үчүн кандай документтер керек? Тизме.
Баланы асырап алууну каалаган арыз асырап алуучу тарабынан жашаган жери боюнча камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органына берилет.
Бул үчүн, төмөнкү документтер талап кылынат деп жазат 24kg:
📥Арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
📥Нике күбөлүк.
📥Кызмат ордун жана маянасын көрсөтүү менен иштеген жеринен справка.
📥Арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду.
📥Жумуш же жашаган жеринен мүнөздөмө.
📥Турак жайдын менчиги тууралуу документ.
📥Соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымкат.
Бардык документтерди чогулткандан кийин камкордукка алуу бөлүмүнүн кызматкери турак-жай жана турмуш-тиричилик шарттарына текшерүү жүргүзөт жана асырап алуучу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду түзөт.
Акыркы чечимди райондук сот чыгарат.
Өзгөчө көңүл бурулууга тийиш:
📌асырап алуучунун жашы 60 жаштан ашпашы керек;
📌Баланы асырап алуу процесси купуялуу жана мыйзам тарабынан корголот.

Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөрү айтылды
Борбор калаа көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүнү 17-март, эртеңден баштап токтотот.
Мындай чечимге шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Эске салсак, 2024-2025- жылытуу сезону былтыр 22-октябрда башталган.
@kgosho Билип жаша!
Борбор калаа көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүнү 17-март, эртеңден баштап токтотот.
Мындай чечимге шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Эске салсак, 2024-2025- жылытуу сезону былтыр 22-октябрда башталган.
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
ОШО...БИЛИП ЖАША!
Кыргызстан карып бара жаткан улуттарга кирип баратат. 2050-жылдары калктын 19 пайызын 65 жаштан жогоркулар түзүшү мүмкүн
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 7 миллион 162 миң адамды түзгөн.
Өлкөнүн калкы карылыктын босогосунда турат: былтыркы жылдын башында 407,8 миң адам же кыргызстандыктардын 5,7 пайызы 65 жаштан жогорку курактагылар болгон.
БУУнун шкаласы боюнча, 65 жана андан жогорку жаштагы адамдар жалпы калктын үлүшүнүн 4 пайызынан төмөн болсо, анда мындай мамлекеттин калкы жаш деп эсептелет. Эгерде 4 пайыздан 7 пайызга чейинки чекте турса карып бараткан улуттарга кошулат. Ал эми 7 пайыздан жогору болсо карып калган калктарга кирет.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул тенденция Кыргыз Республикасында 2030-жылы 65 жана андан жогорку жаштагы улгайган адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындаганда байкалат.
2050-жылга карата улгайган жарандардын үлүшү 8 пайыздан 19 пайызга чейин көбөйөт.
Ал эми балдардын үлүшү 33 пайыздан 22 пайызга чейин азаят деп күтүлүүдө.
Калкта 65 жаштан өйдөлөрдүн кескин көбөйүшү жумуш күчтөрүнүн тартыштыгын жаратып, пенсиялык системада кыйынчылыктарды жаратат. Ошондой эле саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө кызматтарына каражат көп талап кылына баштайт.

Гимнди өзгөртүү боюнча 564 иш келип түшкөн. арасында чет элдик жарандардын да билдирүүсү бар
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын жаңы гимнинин мыкты дизайнына сынактын алкагында арыздарды кабыл алууну улантууда.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө 388 жарандан, анын ичинде чет элдиктерден 564 иш кабыл алынган.
“Анын 91и талаптарга толук жооп берип, каттоодон өттү”,- деп түшүндүрдү Маданият министрлиги.
Алгач арыздарды 20-мартка чейин кабыл алуу пландалып, бирок 17-февралда комиссиянын иши 21-апрелге чейин узартылган.

АКШ "Азаттык" радиосун каржылоону токтоткондугуна байланыштуу ал жакта эмгектенген журналисттерди мамлекеттик кызматтарга чакырабыз. Мындай билдирүүнү өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Д. Орунбеков таратты
"Азаттык” радиосуна болгон каржылоонун токтотулуусуна байланыштуу, жабылып калуу тобокелдиги турат. Ал жерде иштеген кесиптештерибиздин жумушсуз калуу коркунучу бар. Биз бул жагдайга кайдыгер эмеспиз, кесиптештерибизди ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдирем.
Атап айтканда, кесипкөй журналисттерди мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, мамлекеттик органдардын пресс-кызматтарына, башка медиа уюмдарга чакыруу, иш менен камсыз кылуу жана аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча сунуштарыбыз даяр", - деп жазган ал соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, өткөн жуманын соңунда АКШ бийлиги Эркин Европа/Азаттык радиосун каржылоону токтотконун уюмдун сайты жазып чыккан.