Telegram Group Search
Гимндин текстине жана музыкасына сынак жарыяланат

Жаңы гимндин текстине жана музыкасына сынак жарыяланып, анын мөөнөтү жакында аныкталат. Мындай маалыматты атайын түзүлгөн комиссиянын биринчи отурумунда белгилүү болду.

Эске салсак, буга чейин ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы гимндин сөзү жана обонуна сынак жарыяланып, жеңүүчүлөр апрелге чейин аныкталып калыш керектигин айткан болчу.

Төраганын мындай кыска убакты белгилегенине караганда текст менен музыка даяр болушу мүмкүн деп божомолдошот айрым соцтармак колдонуучулары.


Сиз кандай ойлойсуз?





@kgosho Билип жаша!
Telegram кирүү боюнча Россияда YouTube видеохостингинен ашып кетти


Telegram мессенджери биринчи жолу 12 жаштан жогорку аудиторияга ай сайын кирүүсү боюнча Россияда YouTube видеохостингинен ашып, интернет-ресурстардын жалпы рейтингинде бешинчи орунду ээледи.

Жарыяланган маалыматтарга караганда, 2025-жылдын январында Telegram-ды кеминде 90,6 миллион адам колдонгон. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 83,7 миллион колдонуучуну түзгөн болчу.

Россия колдонуучуларынаYouTube'дун жеткиликтүүлүгүнун азайышы видеохостингдин жалпы абалына да чоң таасирин тийгизди. 2024-жылдын январында видеохостинг кызматынан 95,5 миллион адам пайдаланса, бир жылдан кийин 86,9 миллион адам га түшкөн.




@kgosho Билип жаша!
Эми Улуттук банк кирешесин минкабка которот. Мыйзам күчүнө кирди


Улуттук банк былтыркы жылдагы кирешесин минкабка которот. Конституциялык мыйзамга президент кол коюп, ал күчүнө кирди.

Башкы банктын былтыркы кирешеси 20 млн сомдун тегерегинде экени айтылган.





@kgosho Билип жаша!
2025-жылдын 1-январына чейин гана алып келинген автоунаалар мыйзамдаштырылат. Өкмөт жобо чыгарды



Өлкөго ушул жылдын 1-январына чейин гана кирген автомашиналарга документ берилет. Андан кийин келгендер мыйзамдаштырылбайт. Эске салсак оң рулдуу унааларды каттоо 1-мартта башталат.

Бул тууралуу минкабдын жобосунда айтылат.

Ошондой эле мыйзам боюнча документте көрсоиүлгөн гана адам айдоого укуктуу болот.




@kgosho Билип жаша!
🇷🇺Россиялык космонавт космосто туруп магистрдик ишин жактады


Космонавт Иван Вагнер Эл аралык космостук станциянын бортунан илим жактаган алгачкы космонавт болуп калды.

Иван Вагнер президенттин алдындагы Элдик чарбачылык жана мамлекеттик кызмат академиясынын (РАНХиГС) магистри болгон.

Ал кызматкерлерди жумушка алууда тандоо процессин илгерилетүү менен маморгандардын ишин жакшыртуу темасында диссертация жазган.

Мисал катары өзү окуган академиянын Юрий Гагарин атындагы космонавтарды даярдоо бөлүмүнүн ишин анализдеген.

ЖОЖдун ректору Алексей Комиссаров мындай көрүнүш дүйнөдө биринчи ирет болуп жатканын айтып, магистрдин даярдыгын мактоого алды.





@kgosho Билип жаша!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте айдоочу токтоп турган унааны сүзүп, соңунда өзүн өлтүрүүгө аракет кылган


8-февралда борбор калаанын Манас-Көкчөтоо көчөлөрүнүн кесилишинде, болжол менен саат 22:20 ларда адам өмүрүн алган автоавария катталды.

“Хендай Соната” автомашинасы токтоп турган “Хендай Портер” унаасын сүзгөн. Анын 1995-жылкы айдоочусу мас болгон. Жыйынтыгында жүк жүктөп жаткан 1975-жылкы киши эки автоунаага кыпчылып, жеринде көз жумган. Ал эми портердин 1989-жылкы айдоочусун ооруканага жеткиришкен.

Сонатанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Аны кийинчерек парктардын биринен эс-учун жоготкон абалда табышкан. Ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып, колундагы күрөө тамырын кескен, деп айтылат маалыматта.

Анын суицид жасоо аракети денесине оор залакат алып келбегендиктен, ооруканага жаткырышкан эмес.

Учурда тергөө иштери башталды.



@kgosho Билип жаша!
Ырчы Кайрат Пиримбердиев УКМКда сурак берди. Ал 10 жылга кесилиши мүмкүн



Атайын кызматтын берген маалыматы боюнча ырчы Кайрат Пиримбердиев ютюб каналдарынын бирине берген интервьюсунда эл аралык кастыкты козутууга жол ачкан. КРдин Эмгек сиңирген артисти бул сөздөрү үчүн 10 ж чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү айтылат.

Учурда ал өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилип, кое берилген.


Эске салсак, Пиримбердиев интервьюсунда тарыхка кайрылып, Кененсары казак ханынын өлтүрүлүшү боюнча казакстандыктардан жалпы кыпгызстандыктардын атынан кечирим сураган болчу.



@kgosho Билип жаша!
USAID кыргызстандыктарды Россияга мыйзамсыз көчүрүүгө тиешеси бардыгы аныкталды


Кыргызстандыктарды Россияга көчүрүүгө көмөктөшкөн сайт USAIDдин көмөгү менен түзүлгөн, деп жазат “Салам Кыргызстан” каналы.


Ал
ардын саны 71 949га жеткен.
Бул бир эле уюмдун каржысына түзүлгөндүгү менен эмес, ушунча кыргызстандыктын жеке маалыматтарына USAID дин жеткиликтүүлүгү бар экенинен кабар берет эмеспи.





@kgosho Билип жаша!
Си Цзиньпин 9-майды Москвада тосот. Бул тууралуу Россиянын Кытайдагы элчиси билдирди


КЭР лидери орус тараптын чакыруусун кабыл алды, деп билдирди Россиянын Кытайдагы элчиси Игорь Моргулов.

Анын айтымында, Си Цзиньпин Москвага келүү чакырыгын кабыл алып, ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путинди Кытайга Япониянын үстүнөн болгон жеңиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган салтанатка чакырган.


Москвага 9-майда Улуу жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө көптөгөн мамлекеттердин лидерлерин келерин, буга чейин В. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да билдирген эле.


Анын айтымында Словакиянын премьер-министри Роберт Фико, Сербиянын президенти Александр Вучич, Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва Москвага келүүнү пландап жатышат.


Майрамга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери да катышат.


Бул иш-чараларга КР президенти Садыр Жапаров да катышат.



@kgosho Билип жаша!
Кулагыңызга күмүш сырга: Бүгүнтөн тарта соцтармактарда бирөөгө жалаа жаап же мазактагандарга айып салган мыйзам күчүнө кирди.


Эми интернет колдонуучулары демейдегидей болуп саясатчы, ырчы же таанымал эмес адамдардын деле дарегине мазактаган, жалаа жапкан сөздөрдү жазганга мыйзам чегинде тыюу иштейт. Аталган мыйзамды ЖК кабыл алып, президент 31-январда кол койгон болчу. Ага ылайык, мыйзам кол коюлгандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.


Мени мазактады же жалаа жапты деген адамдар арыз менен Маданичт министрлигине эмес, милицияга кайрылат. Жаза өлчөмү жеке жактарга 20 000, юридикалык тараптарга 65 000 сомду түзөт.


Мыйзам долбоорун 68 эл өкүлү колдогон.



@kgosho Билип жаша!
MSN Coinге алданган 898 кишинин акчасы кайтарылды


Аталган криптовалютага алдангандардын 1 млн 700 миң $ кайтарылды.
Мындай маалыматты ИИМ таратты.

Буга чейин криптовалютанын уюштуруучуларынын бири 2,5 млн $ киреше тапканын моюндаган болчу.



@kgosho Билип жаша!
БШК торайымы ээлеген кызматынан бошотулду


Нуржан Шайлдабекова ээлеген кызматынан кетти. Анын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын торагалыгына Тынчтык Шайназаров келди.


Шайназаров буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары кызматын аркалап келген. Аны Бакыт Төрөбаевдин кадры десек да болот.

Шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат



@kgosho Билип жаша!
Садыр Жапаров, Илон Масктын “Эркин Европа” (Азаттык) радиосун жабуу пикири боюнча оюн билдирди



Журналист андан Илон Масктын “Эркин Европа” ЖМКсын жабуу пикири (Кыргызстанда Азаттык радиосу) Садыр Жапаровдун буга чейин АКШ бийлигине кайрылып, “акчаны түз эле бизге берсеңер сөз эркиндигин да, демократияны да камсыздап беребиз деген сунушу менен байланыштырган.


Ага президент бул жөн гана дал келүү экенин айтып, бирок жеке пикиринде Масктын бул сунушун колдой турганын айткан.



“Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдоймун. Анткени эшикте 21-кылым. Кандай маалымат болсо да, дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт.
Азыр “Азаттыктын” жаңылыктарына эл муктаж эмес. Элдин баары жаңылыктарды интернет аркылуу алышат.
Анан биздин эл жаңылыктардын баарына эле ишене бербей, талдаганды үйрөндү. Кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай билишет.
Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда, эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда, “Эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “Кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат.
Сотко берип баштаса, “Бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат.
Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби?
Ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырып албаш керек. Ошондуктан Трамп менен Масктын чечимдерин колдошубуз керек”,- деген Жапаров.



@kgosho Билип жаша!
Билим берүү жаатындагы башаламандык же Д. Кендирбаеванын өз билемдик саясаты өлкөнүн бул тармагын каякка алып барат?


Билим берүү министирлиги эскертет. Чоң көлөмдөгү тексттерди окуп туруу ошол министрликтин иши менен кенен таанышууга жол ачат 😉

Мамлекеттик кызматтын
ысык-суугуна чыдап, тепкичтеп көтөрүлүп, өлкө кызыкчылыгы үчүн тер төкпөгөн Догдургүл Кендирбаеванын Билим берүү жана илим министри болуп келиши бул тармакты сазга батырчудай болуп калды.

Жалаң гана батыштын гарнттарына жан сактап көнгөн Кендирбаева айымдын андай деле иш билги эместигинен президенттин да кабары бар. Анткени, дал ушул министр айымдын мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоодо кетирген алешемдиктери үчүн ошол кездеги минкаб башчысы Акылбк Жапаров баш болуп президенттен сөгүш алышпады беле.

Эми болсо мамлекеттин карамагына өткөн "Сапат" билим берүү мекемелерин Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүп берип, дагы бир өз билемдигин көрсөттү.

Январь айында эле бул мектептерден 30га чукул мугалим иштен кеткенине тынчсызданган ата-энелер, балдары сабак окубай мугалимдин жоктугунан дене тарбия предмети кирип жатканын айтып тынчызданып чыгышкан. Жакында эле ЖКда депутат Камила Талиева бул маселени көтөрүп, Кендирбаевадан балдарды олимпиадага даярдаган күчтүү мугалимдердин "Сапат" мектептеринен кетип жатканын айтып, абал боюнча маалымат сураган.

Эл өкүлүнүн суроосуна министр айым " Маариф фондуна абалды көзөмөлгө алгыла деп тапшырма берилген жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", деп жооп берген.

Фондго тапшырма берилген?

Башкача айтканда түркиялык фондго жүк артып коюп, алардан көзөмөлдү да талап кылган министрлик анда эмне иш аткарышы керек? Билим берүү саясатын жүргүзүү министрликтин түздөн-түз милдети эмеспи?

Ушул эле аралыкта "Маариф" фондунун жетекчилиги "Сапат" сеттик мектептерин өздөрүнө алууну анчейин деле каалабагандыгын, бирок "жогору жактан" тактап айтканда министрликтен ушундай чечим кабыл алынганын айтканын жергиликтүү басылмалардын бир жазып чыккан.

Фонд жетекчилигинин бул айтканында мандем бардай. Анткени, эбегейсиз каржыны кайсыдыр бир министрдин терең анализденбеген чечимдери үчүн эле корото бергилери келбейт да.

Учурда фонд тапкан акчасын "Сапатка" салып жатканына да ишенсе болчудай. Анткени, алар каржылаган "Марал фм" радиосунда кыскаруулар орун алып, радионун сайты болсо 30-январдан бери иштебей турат.

Гүленге болгон жеке амбициясын мамлекеттик эле эмес, эл аралык деңгээлге алып чыккан Эрдогандын админстрациясы "токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет" саясатын жүргүзүп келери барыбызга маалым.

Ал өзү "кыялданган" түрк дүйнөсүн түзүү максатында “Маариф” сыяктуу фонддорду кысымга алып, алар отчет үчүн иш алып барышы ыктымал.

Бирок, кандай мугалимдер балдарды окутат? Мектеп программалары балдарды кайсыл жака бурат? Келечекте кимдерди даярдап чыгып жатабыз? Бул Кыргызстан үчүн эмне пайда берет? деген суроолорго Кендирбаева жооп бере алар бекен?

Эми 12 жылдык билим берүүгө келсек: Аталган система дүйнөлүк талаптарга жооп берет деген жалгыз слогандын арты менен кирип отурат. Ага кетчү чыгым, иштин эффективдүүлүгү эске алындыбы? Бул боюнча министрлик балыктай үн чыгарбай келет.

Ал эми 12 жылдык билим берүүнүн алкагында Сингапурдан келчү окуу китептери ошол эле АКШнын билим берүү системасына ылайыкташкан окуу куралдары эмеспи.

Батыштын баалуулуктары, көп жыныстуулук, гендердик укук, баланын сексуалдык баалуулуктары деген кыргыз тарбиясына жат келген көрүнүштөргө сиңген окуу китептери биздин балдарды эмнеге үйрөтөт? Эмне үчүн улуттук баалуулуктар эске алынбай келет?
Интернет электен өтпөгөн маалыматтардын булагы болуп турганда, жан дүйнөсү таза балдарыбызды кыргыздын нукура салт-санаасына сугаралы деген мамлекеттик катчы С. Касмамбетовдун мектептерге "улуттук нарк" сабагын киргизүү тууралуу айтканы бар. Эмне үчүн анын бул сунушун министр айым кулак сыртынан кетирди?

Туура.

Анткени, батыштан акча алып алардын кызыкчылыгын алдыга жылдырган Кендирбаевага бул үчүн акча төлөнбөй калат

Дагы бир мисал, бүгүн эле минкаб башчысы Адылбек Касымалиев ЖОЖдордо жана кесиптик окуу жайларда ваучердик каржылоо механизмин киргизүү боюнча токтомго кол коюлганын ЖМКлар жазып чыкты.

Албетте, башатында сынамык иретинде деп айтылат.

Баарыбызга белгилүү болгондой, ваучердик каржылоо бул баланы акча ээрчиген система. Тагырагы жакшы окуган балага мамлекет көбүрөк каражат бөлөт, эгер сиздин чүрпөңүз окууда жакшы бааларды албаса мамлекет анын өнүгүүсүнө кызыкдар эмес деген сөз. Ошондо, "ар бир бала таланттуу, анын талантын ачууда педагогдор чоң роль ойнойт" деген сөз кайда калды? Күндөлүккө коюлган баа менен эле министрлик балдарды сорттоп коебу? Анда кайра эле көп эмес мурда Кендирбаева айым кыйкырып жүргөн адам укугу эмне боду? Бул кош стандарттулук эмей эмне?

Айтор, өлкө кызыкчылыгын өргө тартпаган министр Кендирбаеванын кетирип жаткан бул эле алешемдиктери эмес.




@kgosho Билип жаша!
Атың чыкпаса жер өрттө же УКМКнын сурагы Кайратка популярдуулук алып келдиби?



Социалдык тармактарда өзгөчө искусство адамдары жабалактап Кайрат Пиримбердиевди коргоп жатышат.

Карапайым калк мыйзамга баш ийген, тартиптүү коом болуусун каалаганы менен бардык нерседен шоу жасап ошонусу менен акча таап көнгөн айрымдар Кайраттын жеке укугунун тебеленгенинен тарта өнөр адамдарына карата жасалган кысымга чейин сүрөттөгөндөр бар. Ушундан улам, Кайраттын атайын кызмат тарабынан чакырылып, түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү ага тескерисинче популярдуулук алып келдиби? деген суроо жаралат.

Балким УКМК анча деле белгилүү эмес, С Жээнбековдун жердеши болгон үчүн шайлоо алдында дуэт ырдай коюп Эмгек сиңирген артистикке жеткен ырчыны чакырып түшүндүрүп отурбай эле расмий түрдө Казакстандын "Айран" каналына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү же жоопко тартуу боюнча кошуна мамлекеттин тиешелүү ведомстволоруна кайрылуу жолдосо эффективдүүрөк болор беле...?

Улуттук баалуулуктарын алдыга сүрөөгө умтулган саясат жүргүзүп жаткан казак бийлиги ( Токаев ыктаган Батыш мамлекеттеринин тору ар дайым ушинтип башталат эмеспи. Алгач сенин улутуңа, сага күйгөн тарап болуп, түпкү максаттары башка экенин Кыргызстан 20ж мурда эле башынан өткөрүп, азырга чейин кесепетин тартып келет) кантип ушундай тарых тууралуу ой калчаган интернет каналын көрбөй калсын?

Балким, бул алардын атайын чыгарган долбоору болуп жүрбөсүн?


Эмнеси болгон күндө да Кайратты жоопко тартууну искусствого кол салуу катары сыпаттаган кыргыз "атактуулары" элдин келечегин ойлоп, мыйзамга баш ийип жашашса.

Ал эми укук коргоо органдары мыйзам баарына бирдей экенин унутушпаса деген тилек.




@kgosho Билип жаша!
2025/02/11 16:20:58
Back to Top
HTML Embed Code: