Telegram Group & Telegram Channel
УКМК: Коррупцияга каршы күрөш аркылуу улуттук коопсуздукту бекемдөө

🔷Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасын аткаруу алкагында, бүгүн, 2025-жылдын 13-январында, КР УКМК Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында жана Башкы штабында коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган кеңешме өткөрүлдү.

🔷Аскер кызматчыларынын алдында сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгынын башчысы полковник Э. Маканбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңири иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Атап айтканда, ал аскер кызматчыларга мамлекеттик кызматкерлерге карата коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамдардын күчөтүлгөнү тууралуу маалымат берди.

⚠️“Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар эркинен ажыратууга чейинки катуу жазага тартылат. Андан сырткары, алардын жакын туугандары мамлекеттик кызматтан четтетилип, өздөрү түбөлүккө мамлекеттик структураларда иштөө укугунан ажыратылат”, - деп билдирди полковник Э. Маканбаев.

🔷Ал коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралардын күчөтүлүшүн мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү тамыры менен жок кылуу зарылдыгы менен байланыштырды.

⚠️“Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча ийгиликтүү тажрыйба бар. Бул тажрыйба коңшу өлкөлөрдө да колдонула баштады. Азыр биздин алдыбызда андан да татаал милдет турат, бирок биз аны ийгиликтүү чечебиз деп ишенебиз”, - деп белгиледи ал.

🔷Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору генерал-майор А. Алимбаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин ырастады.

⚠️“Чек ара кызматында коррупциялык көрүнүштөр орун ала турчу жана тобокелдик жараткан кызматтарды аныктоо боюнча жана коррупцияга каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Бирок бул жааттагы натыйжалар жетишсиз экенин түшүнөбүз жана бул багыттагы аракеттерибизди мындан ары да күчөтө беребиз”, - деди генерал-майор А. Алимбаев.

🔷Кеңешменин жыйынтыгында Чек ара кызматындагы коррупцияга каршы күрөш ишин мындан ары бекемдөө, анын ичинде аскер кызматчыларынын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле ачык- айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

🔷Иш-чарага башкаруу органдарынын жетекчилери, Чүй облусунда жайгашкан өткөрүү пункттарынын башчылары катышты.

Маалымат жана коммуникация башкармалыгы

group-telegram.com/pogrankg/1482
Create:
Last Update:

BY Пограничная служба ГКНБ КР

Warning: Undefined variable $i in /var/www/group-telegram/post.php on line 260

Share with your friend now:
group-telegram.com/pogrankg/1482

View MORE
Open in Telegram

Telegram | DID YOU KNOW?

Date: |

Ukrainian President Volodymyr Zelensky said in a video message on Tuesday that Ukrainian forces "destroy the invaders wherever we can." Founder Pavel Durov says tech is meant to set you free Markets continued to grapple with the economic and corporate earnings implications relating to the Russia-Ukraine conflict. “We have a ton of uncertainty right now,” said Stephanie Link, chief investment strategist and portfolio manager at Hightower Advisors. “We’re dealing with a war, we’re dealing with inflation. We don’t know what it means to earnings.” Oleksandra Matviichuk, a Kyiv-based lawyer and head of the Center for Civil Liberties, called Durov’s position "very weak," and urged concrete improvements. There was another possible development: Reuters also reported that Ukraine said that Belarus could soon join the invasion of Ukraine. However, the AFP, citing a Pentagon official, said the U.S. hasn’t yet seen evidence that Belarusian troops are in Ukraine.
from ms

Telegram Пограничная служба ГКНБ КР
FROM American