group-telegram.com/KR_President/30292
Last Update:
Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен кызматташтыкты бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасы БУУга көз карандысыз мамлекет катары БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 1992-жылдын 2-мартында кирген.
Кыргызстандагы БУУ системасынын максаты өнүктүрүү жаатындагы реформаларды ишке ашырууга жардам жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык деңгээлде макулдашылган максаттарга жетүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 171 “Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” Жарлыгынын 1-пунктунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын тоо массивинде орун алган, Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карап, үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында кабыл алынды.
BY КР Президенти
Warning: Undefined variable $i in /var/www/group-telegram/post.php on line 260
Share with your friend now:
group-telegram.com/KR_President/30292