group-telegram.com/kgosho/1287
Last Update:
12 жылдык окуу системасы. Орун жок! 1-2-класстын балдары бала бакчаларда окумай болду
12 жылдык окуу системасы кирди. 2025-2026 окуу жылынан тарта балдар нөлүнчү эмес, 1- жана 2-класска кабыл алынышып, 12 жылдык окуу киргизилет. Бул үчүн балдарды каттоо башталды, бирок Билим берүү министрлиги али даярдыгы жок экенин айтты.
Балдарды мектепке кабыл алуу боюнча кыскача токтоло кетсек, анткени бул өзүнчө бир ата-энелерге "түзүлгөн" башайланма.
Быйыл 1-класска 2019-жылы төрөлгөн балдар барат. Ал эми 2018-жылкы балдар дароо 2-класска отурат. Окуу класстарына келе турган болсок, бул 1-2-класска барчу чүрпөлөргө мектептерде орун жок. Ооба, орун жок.
Өзгөчө чоң калааларда бул көйгөй ачык бойдон калууда. Ошондуктан мисалы Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы бала бакчалардан бош орундарды ижарага алып, ал жака 2-3 мектептин 1-2-класстарын жайгаштырууну сунуштаган.
Бул биринчиден, кайрадан эле кошумча чыгым (ижара акысы)
Экинчиден, мугалимдердин мектеп менен бала бакчага чуркаган убактысы (окуу канчалык эффективдүү болот)
Үчүнчүдөн, чоң шаарларда бала бакча жетишсиздиги да чоң көйгөй, 1-2-класстын балдарын каягына батырышат?
Төртүнчүдөн, мугалимдердин да балдардын да укугу тебеленүүдө
Бешинчиден, бакчадагы кичинекей чүрпөлөргө сырттан келген балдар, мугалимдер болуп отуруп сасык тумоо же башка илдеттерин жугуусуна, жайылышына жол ачпайбы (медициналык коопсуздугу)
Алтынчыдан, бул бардык эле ата-энелерге ыңгайлуубу?
Жетинчи жана эң кооптуу маселе. Ош, Бишкек шаарларында ансыз да тыгын көп, балдар коопсуздугу кандай болот?
Министр Догдургүл Кендирбаева ири акча менен да ишти жолго коюп кете албаган жетекчи экенин дагы бир ирет тастыктады. Же болбосо атайын эле мамлекеттин каражатын максатсыз колдонууга киришкен.
Башка кандай түшүнсө болот?
Эми ата-энелерге суроо: Сиз 12 жылдык окуу системасын колдойсузбу?
@kgosho Билип жаша!
BY OSHO

Share with your friend now:
group-telegram.com/kgosho/1287