Telegram Group & Telegram Channel
Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон Президент Садыр Жапаров менен жолугушууда: “Кыргызстан коңшу өлкөлөр жана дүйнөнүн алдыңкы державалары менен бекем мамиле түзө алды. Бул биз да үйрөнүшүбүз керек болгон баалуу тажрыйба”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-январда, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсонду анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы кыргыз-европалык өнөктөштүктү чыңдоого Мэрилин Йосефсондун кошкон олуттуу салымын белгилеп, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

“Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө арналган демилгелериңиз, ошондой эле социалдык, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөө жаатындагы иш-аракеттериңиз олуттуу ийгиликтерге алып келди”, - деди Садыр Жапаров.

Ал Европа Бирлиги Кыргызстандын ишенимдүү жана маанилүү өнөктөшү болуп келгенин, ал эми акыркы эки жыл эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө жемиштүү болгонун баса белгиледи.

Өз кезегинде Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон Президент Садыр Жапаровдун кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын, анын лидерлигинин аркасында кыргыз-европалык мамилелер жаңы деңгээлге жеткенин баса белгиледи.

Ал геосаясий чакырыктарга карабастан, Кыргызстан эл аралык алакаларга карата салмактуу жана прагматикалык мамилени көрсөтүп жатканын айтып өттү.

“Мен бир маанилүү аспектке көңүл бургум келет. Кыргызстан - чакан өлкө жана ага геосаясий жактан көп күч-аракет жумшоого туура келет. Буга карабастан республика коңшулары жана алдыңкы дүйнөлүк державалар менен бекем мамиле түзө алды. Бул биз да үйрөнүшүбүз керек болгон баалуу тажрыйба”, — деп, Мэрилин Йосефсон эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө ишенимин билдирди.

“Брюсселде сиздин ишенимдүү досуңуз бар экенин унутпаңыз”, - деп кошумчалап, ал Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык өз ара урматтоо жана ишеним принциптеринде мындан ары да өнүгө берээрине ишендирди.

group-telegram.com/KR_President/30299
Create:
Last Update:

BY КР Президенти

Warning: Undefined variable $i in /var/www/group-telegram/post.php on line 260

Share with your friend now:
group-telegram.com/KR_President/30299

View MORE
Open in Telegram

Telegram | DID YOU KNOW?

Date: |

NEWS This provided opportunity to their linked entities to offload their shares at higher prices and make significant profits at the cost of unsuspecting retail investors. The Dow Jones Industrial Average fell 230 points, or 0.7%. Meanwhile, the S&P 500 and the Nasdaq Composite dropped 1.3% and 2.2%, respectively. All three indexes began the day with gains before selling off. "The inflation fire was already hot and now with war-driven inflation added to the mix, it will grow even hotter, setting off a scramble by the world’s central banks to pull back their stimulus earlier than expected," Chris Rupkey, chief economist at FWDBONDS, wrote in an email. "A spike in inflation rates has preceded economic recessions historically and this time prices have soared to levels that once again pose a threat to growth." Elsewhere, version 8.6 of Telegram integrates the in-app camera option into the gallery, while a new navigation bar gives quick access to photos, files, location sharing, and more.
from ye

Telegram КР Президенти
FROM American