group-telegram.com/HadeethEncLanguages/774
Last Update:
📖
Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:"Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчичи мындай деди: "Рия. Кыямат күнү адамдар иш-амалдарынын жаза, сыйын алганда, Улук Алла Таала аларга: "Дүйнө жашоосунда иш-амалдарыңарды рия кылып көрсөткөн адамдарга барып карагылачы, аларда силерге бере турган сыйды таба алар бекенсиңер!?" дейт.
📑Түшүндүрмө:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү үчүн эң корккон иш: кичине ширк экенин кабарлаган. Ал: Рия, б.а. адамдар үчүн амал кылуу. Андан кийин рия кылган адамдардын кыямат күнүндөгү жазасын кабарлаган. Аларга "Ким үчүн амал кылган болсоңор, ошого баргыла жана карагыла, алар силерге амалыңарга жараша сооп бере алар бекен" деп айтылат.
💡Хадистин пайдалары:
1- Амалды Аллахка чын ыклас менен аткаруу жана риядан сактануу ваажыб.
2- Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө өтө боорукер болгон жана аларга туура жолду көрсөтүүгө, насаат кылууга катуу умтулган.
3- Салихтердин башында турган сахабаларга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинтип айтып, корккон болсо, анда алардан кийинкилерге андан да коркунучтуу.
عَنْ مَحْمُودِ بْنِ لَبِيدٍ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِنَّ أَخْوَفَ مَا أَخَافُ عَلَيْكُمُ الشِّرْكُ الْأَصْغَرُ» قَالُوا: وَمَا الشِّرْكُ الْأَصْغَرُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: «الرِّيَاءُ، يَقُولُ اللهُ عز وجل لَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِذَا جُزِيَ النَّاسُ بِأَعْمَالِهِمْ: اذْهَبُوا إِلَى الَّذِينَ كُنْتُمْ تُرَاؤُونَ فِي الدُّنْيَا، فَانْظُرُوا هَلْ تَجِدُونَ عِنْدَهُمْ جَزَاءً؟».
[حسن] - [رواه أحمد] - [مسند أحمد: 23630]
🔗 https://hadeethenc.com/ky/browse/hadith/3381
🗃️ https://www.group-telegram.com/us/HadeethEncLanguages.com/774
#قرغيزي
#Кыргызча
▫️▫️▫️
BY موسوعة الأحاديث النبوية
Warning: Undefined variable $i in /var/www/group-telegram/post.php on line 260
Share with your friend now:
group-telegram.com/HadeethEncLanguages/774