Telegram Group Search
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы милдеттерди натыйжалуу аткарууга өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Мыйзамда өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн баардык өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбиялык даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамда укуктук негиздерди бекиткен ченемдер каралган.
Кабыл алынган Мыйзам менен өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аскердик-прикладдык дене тарбия даярдыгы дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик программага кошумча негиз катары киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 1181 “Кыргыз Республикасынын ӨКМде дене тарбия даярдыгы жөнүндө” буйругуна ылайык, өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин жана кызматчыларынын дене тарбия даярдыгы өрттөн куткаруу иши боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга багытталган көнүгүүлөрдү, ошондой эле төмөнкү негизги ченемдерди аткарууга даярдоону камтыйт:

– окуу мунарасынын 3-кабатына орнотулган узартылуучу тепкич менен чыгуу;
– асма тепкичке чыгуу;
– бөлүмдү күжүрмөн жайылтуу ж.б.у.с.

***


Внесены изменения в Закон «О физической культуре и спорте»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О физической культуре и спорте».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 12 декабря 2024 года.

Закон принят в целях повышения уровня подготовленности личного состава пожарно-спасательных подразделений к эффективному исполнению обязанностей в области тушения пожаров и проведению аварийно-спасательных работ.

Законом предусматриваются нормы, закрепляющие в законодательстве правовое основание для организации мероприятий по военно-прикладной физической подготовке всего личного состава пожарно-спасательных подразделений.

Принятым Законом государственная программа по физической культуре и спорту дополняется военно-прикладной физической подготовкой личного состава пожарно-спасательных подразделений.

В соответствии с приказом Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики от 20 октября 2023 года № 1181 «О введении в действие Наставления по физической подготовке в МЧС Кыргызской Республики», физическая подготовка военнослужащих и сотрудников пожарно-спасательных подразделений включает в себя упражнения, направленные на эффективное выполнение задач по пожарно-спасательному делу, а также подготовку к выполнению следующих основных нормативов:

– подъем по выдвижной лестнице, установленной на 3-м этаже учебной башни;
– подъем по подвесной лестнице;
– боевое развертывание отряда и др.
“Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү жана жашоочулардын колдонуусунда болгон айрым айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын мыйзамдаштыруу максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей, Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылын Кожомкул, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо каралган.

Жогоруда аталган айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын кайра атоо боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык даярдалган.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Далиев Уланбек Эшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

******

Уланбек Далиев освобожден от занимаемой должности полномочного представителя Президента в Иссык-Кульской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Далиев Уланбек Эшенович освобожден от занимаемой должности полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в Иссык-Кульской области в связи с переходом на другую работу.
Бакытбек Жетигенов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

*****

Бакытбек Жетигенов назначен полномочным представителем Президента в Иссык-Кульской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Жетигенов Бакытбек Женишбекович назначен полномочным представителем Президента Кыргызской Республики в Иссык-Кульской области и он освобожден от ранее занимаемой должности.
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.

******

Женишбек Токторбаев назначен мэром города Ош

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, в соответствии со статьей 47 Закона Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления» Токторбаев Женишбек Шермаматович назначен мэром города Ош.
“Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди, ошондой эле калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт.

Кыргыз Республикасы Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияга жана Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенцияга, ошондой эле Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясына карата биокоопсуздук боюнча Картахен Протоколуна кошулган.

Мыйзамдын негизги милдеттери болуп калктын саламаттыгын жана айлана-чɵйрɵнү патогендүү биологиялык агенттердин таасиринин жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу; калктын саламаттыгы жана айлана-чɵйрɵ жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны ɵнүктүрүү жана пайдалануу; биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу жана патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу саналат.
Подписан Закон «О биологической безопасности в Кыргызской Республике»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О биологической безопасности в Кыргызской Республике».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 18 декабря 2024 года.

Указанный Закон принят в целях реализации международных обязательств Кыргызской Республики и устанавливает правовые нормы в области обеспечения биологической безопасности в Кыргызской Республике, а также закрепляет государственные гарантии по защите населения и окружающей среды от возможных неблагоприятных последствий воздействия биологических агентов и использования продуктов современной биотехнологии.

Ранее, Кыргызская Республика присоединилась к Конвенции о запрещении разработки, производства и накопления запасов бактериологического (биологического) и токсинного оружия и об их уничтожении и Конвенции о биологическом разнообразии, а также Картахенскому протоколу по биобезопасности к Конвенции о биологическом разнообразии.

Основными задачами Закона являются обеспечение охраны здоровья населения и окружающей среды от возможных неблагоприятных последствий воздействия патогенных биологических агентов и/или использования продуктов современной биотехнологии; развитие и использование биотехнологии с соблюдением соответствующих мер безопасности в отношении здоровья человека и окружающей среды; обеспечение комплексного предотвращения угроз биологической безопасности и минимизация возможных неблагоприятных последствий, связанных с использованием патогенных биологических агентов и токсинов, а также продуктов современной биотехнологии.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол койду.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (мындан ары – Кодекс) кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетишүүгө багытталган.

Кодекстин концепциясы менен төмөнкүлөр каралат:

– эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин шарттарынын тартибин жөнөкөйлөштүрүү (эмгек келишимин, эмгек ченемдерин камтыган локалдык ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө түзүү; электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү);

– Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш күн деп эсептелбеген майрамдардын санын кыскартуу;

– жаңы жылдык жана май айындагы каникулдарды белгилөө;

– дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө;

– кызматкер жумушта жаракат алган же каза болгон учурда бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бирдей өлчөмдөгү бир жолку компенсация төлөө;

– иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, өргүү акысын төлөөнүн, иштен бошотууда эсептөөнүн жана башка төлөмдөрдүн мөөнөтүн бузган учурда 0,25 % өлчөмүндөгү айыптык ставканын бирдиктүү пайызын белгилөө;

– эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтүн белгилөө – 3 жыл;

– мөөнөтү өтүп кеткен карызды төлөөдө пайыздык чендердин чектөөлөрүн алып салуу;

– тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аралыктан иштөө менен бирге комбинацияланган аралыктан иштөө да белгилениши мүмкүн деген ченемди киргизүү;

– кош бойлуу аялдардын, бала эмизген аялдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда иштөөсүнө тыюу салган чараларды белгилөө;

– кесиптик стандарттардын негизинде аткарылган иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталуучу сый акы;

– Эмгек кодексинен кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүгүнүн маселелерин жөнгө салуучу 7 беренени “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына которуу.
Подписан Трудовой кодекс Кыргызской Республики


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Трудовой кодекс Кыргызской Республики, принятый Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 18 декабря 2024 года.

Трудовой кодекс Кыргызской Республики (далее – Кодекс) направлен на достижение баланса интересов работников и работодателей.

Концепция Кодекса предусматривает:

– упрощение процедуры условий трудового договора, трудовых отношений (заключение трудового договора в электронном виде; локальных нормативных актов, содержащих нормы трудового права; ведение электронной трудовой книжки);

– сокращение количества государственных праздничных дней и нерабочих праздничных дней в Кыргызской Республике;

– установление новогодних и майских каникул;

– отмена нормы переноса выходных дней;

– установление специальных мер по квотированию рабочих мест для лиц с ограниченными возможностями здоровья, выпускников детских домов;

– выплату единовременного пособия в случае получения работником трудового увечья или при его смерти в одинаковом размере, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики;

– установление единой процентной ставки пени 0,25% при нарушении работодателем срока выплаты заработной платы, оплаты отпуска, расчета при увольнении и других выплат;

– установление срока исковой давности по спорам о взыскании заработной платы - 3 года;

– исключение ограничения по процентной ставке при оплате просроченной суммы задолженности;

– введение нормы о том, что трудовым договором по соглашению сторон может устанавливаться как дистанционная работа, так и комбинированная дистанционная работа;

– установление мер, запрещающие применение труда беременным женщинам, женщинам, осуществляющих грудное вскармливание на тяжелых работах и на работах с вредными и (или) опасными условиями труда;

– оплата труда, которая определяется в зависимости от количества, качества и сложности выполняемой работы на основе профессиональных стандартов;

– перенос 7 статей из Трудового кодекса, регулирующие вопросы представительства работников и работодателей в Закон Кыргызской Республики «О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике».
“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү аркылуу кызматкерлердин тең салмактуулугуна жетишүү саналат.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

1) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин расмий жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизүү;

2) “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү:

– 1-беренени иш берүүчүлөрдүн бирикмеси түшүнүгүн белгилеген абзац менен толуктоо, ага ылайык иш берүүчүлөрдүн бирикмеси – кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм деп аныкталат;

– 141 (иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү), 142 (кызматкерлердин өкүлдөрү), 143 (кызматкерлердин башка өкүлдөрү), 144 (кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары), 145 (кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча иш берүүчүнүн милдеттери), 146 (кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери), 221 (жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби) – беренелери менен толуктоо;

– 18-беренени жаңы редакцияда баяндоо, анда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби аныкталат;

3) “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына редакциялык (тактоо) мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жаңы редакцияда баяндоо, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо тартиби аныкталат;

5) “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине өзгөртүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аярлуу топторун ишке орноштурууда жумуш орундарын квоталоо өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусуз ишке ашырылат.
Подписан Закон «О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 18 декабря 2024 года.


Закон принят в целях достижения баланса интересов работников и работодателей путем введения в действие нового Трудового кодекса Кыргызской Республики.

Принятым Законом предусматривается следующее:

1) введение в действие Трудовой кодекс Кыргызской Республики со дня официального опубликования;

2) внесение следующих изменений в Закон Кыргызской Республики «О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике»:

– статья 1 дополняется абзацем, устанавливающим определение понятия «объединение работодателей», согласно которому объединение работодателей – это некоммерческая организация, объединяющая на добровольной основе работодателей для представительства интересов и защиты прав своих членов во взаимоотношениях с профсоюзами, иными представительными органами работников, органами государственной власти и органами местного самоуправления;

– Закон дополняется статьями 141 (представители работодателей), 142 (представители работников), 143 (иные представители работников), 144 (полномочия представителей работников), 145 (обязанности работодателя по созданию условий, обеспечивающих деятельность представителей работников), 146 (дополнительные трудовые гарантии для представителей работников), 221 (порядок ведения коллективных переговоров);

– статья 18 излагается в новой редакции, согласно которой определяется порядок ведения переговоров, разработки и заключения соглашений;

3) внесение изменений в Закон Кыргызской Республики «О коллективных договорах» редакционного (уточняющего) характера;

4) изложение статьи 28 Закон Кыргызской Республики «О правах и гарантиях лиц с ограниченными возможностями здоровья» в новой редакции, согласно которой определяется порядок квотирования рабочих мест для лиц с ограниченными возможностями здоровья;

5) внесение изменений в статью 17 Закона Кыргызской Республики «О содействии занятости населения», согласно которым квотирование рабочих мест для трудоустройства лиц с ограниченными возможностями здоровья, уязвимых групп населения, нуждающихся в социальной защите будет осуществляться без участия органов местного самоуправления.
“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган натыйжалуу иштеп жаткан механизмдерди колдонуу менен уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздерин түзүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам менен “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

– жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча “террористтик же экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо” деген сөздөрдү “кылмыштуу ишти каржылоо” деген сөздөргө алмаштыруу;

– укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кылмыштуу ишке тиешеси бар бардык финансылык жагдайларды финансылык териштирүүнү жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүн белгилөө;

– Кыргыз Республикасынын укук коргоо, улуттук коопсуздук, прокуратура органдары менен финансылык чалгындоо органынын ортосунда маалымат алмашууну кылмыш иштер боюнча тергөө (сотко чейинки өндүрүш) стадиясында гана эмес, изин суутпай издөө ишинин стадиясында да жүргүзүү;

– Санкциялык тизмекке киргизилген жактарга таандык болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо боюнча кызмат көрсөтүүгө тыюу салуу;

– максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча милдеттенмелерди кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга жана мекемелерге жайылтуу;

– операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча чараларды актуалдаштыруу;

– юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча чаралар чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарына (өкүлчүлүктөрүнө) да жайылтылат;

– уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо учурунда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар шектүү операция жөнүндө билдирүүнү түзөт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.
Внесены изменения в Закон «О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 12 декабря 2024 года.

Целью Закона является создание правовых основ и повышение эффективности противодействия финансированию организованных групп или преступных сообществ, с применением действующих эффективных механизмов, предусмотренных в Законе «О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов».

Законом предлагается внести нижеследующие поправки в Закон Кыргызской Республики «О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов»:

– в наименовании и по всему тексту вышеуказанного Закона слова «финансирование террористической или экстремистской деятельности и распространения оружия массового уничтожения» заменить словами «финансирование преступной деятельности», поскольку последнее будет охватывать вышеуказанные виды преступной деятельности;

– установить обязательность проведения правоохранительными органами и органами национальной безопасности финансовых расследований всех финансовых обстоятельств, имеющих отношение к преступной деятельности;

– осуществление обмена информацией между правоохранительными органами, органами национальной безопасности, прокуратуры Кыргызской Республики и органом финансовой разведки не только на стадии следствия (досудебного производства) по уголовным делам, но и на стадии оперативно-розыскной деятельности;

– установление запрета на предоставление услуг по государственной регистрации сделок с недвижимым и движимым имуществом, объектами интеллектуальной собственности (изобретения, полезные модели, промышленные образцы, товарные знаки, знаки обслуживания), принадлежащим лицам, включенным в Санкционный перечень;

– распространение на государственные органы и учреждения, осуществляющие государственную регистрацию сделок с недвижимым и движимым имуществом, объектами интеллектуальной собственности обязательств по применению целевых финансовых санкций;

– актуализация мер по приостановлению операций (сделок);

– меры по обеспечению прозрачности бенефициарных владельцев юридических лиц распространяются также на филиалы (представительств) иностранных юридических лиц;

– в случае финансирования организованных групп и преступных сообществ, финансирования распространения оружия массового уничтожения финансовые учреждения и нефинансовые категории лиц формируют и направляют в орган финансовой разведки сообщение о подозрительной операции.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги №86 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун бешинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирилген одоно бузуулары, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мусаева Актилек Ишенгазыевнага сөгүш берилди.

***

Президент Садыр Жапаров объявил выговор Послу Кыргызстана в Китае Актилек Мусаевой


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, в соответствии со статьей 27 Закона Кыргызской Республики «О дипломатической службе Кыргызской Республики», абзацем пятым пункта 2 Указа Президента Кыргызской Республики «О политических государственных должностях, специальных должностях и политических муниципальных должностях» от 1 апреля 2024 года №86 за допущенные грубые нарушения в работе при подготовке государственного визита Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Китайскую Народную Республику, выразившиеся в несанкционированном направлении вербальной ноты китайской стороне, a также нарушение служебной этики общения государственных служащих объявлен выговор Чрезвычайному и Полномочному Послу Кыргызской Республики в Китайской Народной Республике Мусаевой Актилек Ишенгазыевне.
2025/01/27 04:36:22
Back to Top
HTML Embed Code: