Telegram Group & Telegram Channel
Жыл башынан бери эле мектеп рэкетчилигинен өлкөдө 3 окуучу каза тапты. Көйгөй чечилиши үчүн дагы канчасы көз жумушу керек?

2025-жылдын башталышынан бери 3 орто мектеп окуучулары өз теңтуштарынын колунан каза тапты. Элестетиңиз, мектеп окуучулары киши өлтүрүүдө. Дагы 4 учурда денесинен ар кандай жаракат алышты. Бул учурлар 1,5 ай ичинде коомчулукка ачыкталганы гана.

Мындан сырткары бала-бакчаларда чүрпөлөрдүн ур-токмокко кабылуусу, сексуалдык кордук көрүүсү тууралуу да окуялар катталды.

Мунун баары коомчулуктун үрөйүн учуруп турган чагы. Бирок эмнегедир түздөн-түз жоопкерчилик алуучу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын эмес. Ал айым акча эсептөө менен алек. Бир эле мисалды айтса кетсек, 2024-жылы КР бюджетинин 21% ашыгы билим берүү тармагына бөлүнгөн. Салыштырмалуу Саламаттык сактоо жаатына 2%.

Бул акчалар кайсы багытка жумшалды? Оптималдуу эмне иштер орундалды? деген суроолорго Кендирбаева жооп берүүгө ашыкпай эле.

Ал тескерисинче ЖОЖдорду коммерциялаштыруу, Батыштын грантын болушунча дагы көп тартуудан бошобой келет. Буга да бир мисал катары мектептерге кирип жаткан 12 жылдык системаны айтсак болот. Бул бир эле балдардын дагы бир жылын алып, ата-энелерге ыңгайсыздык жаратпай, сунушталган окуу китептерине чейин өзгөрүп жатканында.

Министр айым кайталагандан тажабаган Сингапур системасынан келип жаткан китептер ошол эле АКШнын окуу системасыныкы экенин унутпасак. Ал окуу куралдарынын алгачкы жана негизги эле максаты балдарга "гендердик теңчиликти" үйрөтүү болуп саналат.

Улуттук баалуулук, адамдык ариет деп канча кайталабайлы, эми балдарыбызды 6 жашынан тарта эле өз жынысын өзү "аныктоого" , бир жыныстуу мамилелер бул кадимки турмуш чындыгы экенине үйрөткөн системада окутканга баратабыз.

Мектептердин 12 жылдык болуусу менен бир жыл көп окуп калбайт деп министр айым канчалык тастыктабасын, балдарыбыз мурдагыдай кааласа 6 жашынан, болбосо 7 жашынан баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап отурат. Эми балдар милдеттүү түрдө мектеп босогосун 6 жашында атташат.

Мындан улам ата-энелерге бир суроо жаралат. Биз эмне, балдарыбыздын тагдырына чоңдор ушунчалык кайдыгербизби? Эмнеге алар мектепте өлүмгө дуушар болгон учурлар ар 15 күндө бирден катталып жатса да, тынчызданып койбойбуз?

Муну менен катар эле балдарыбыз 18 жашка толуп, тамга таанып, "+", "-" нү билип чыккандан башкага жарабаса деле 12 жылдык билим берүүнү карап отура беребизби?

Билим берүү тармагы абдан жоопкерчиликтүү жана чоң тармак. Ошону мыкты түшүнгөн учурдагы бийлик да акчаны аянбай бөлүүдө. Бирок Кендирбаеванын өз билемдик саясаты салык төлөөчүлөрдүн акчасын максатсыз багыттарга короткондо да коркунучтуусу, ал биздин эле акчабызга өзүбүздүн балдарыбызды, келечегибизди талкалап берүүдө.

Бул министрликтин иши буга чейинки аралыкта эч бир министрдин тушунда мынчалык Кыргызстанга кыянатчылык кылган эмес.

Учурда эгер өзүн чынында эле педагог жана кыргыздын кызымын деп эсептесе Догдургүл айым жанжөкөрлөрү менен кызматын тапшырып эле кеткени оң болуп калды.

@kgosho Билип жаша!

group-telegram.com/kgosho/1265
Create:
Last Update:

BY OSHO

Share with your friend now:
group-telegram.com/kgosho/1265

View MORE
Open in Telegram

Telegram | DID YOU KNOW?

Date: |

Right now the digital security needs of Russians and Ukrainians are very different, and they lead to very different caveats about how to mitigate the risks associated with using Telegram. For Ukrainians in Ukraine, whose physical safety is at risk because they are in a war zone, digital security is probably not their highest priority. They may value access to news and communication with their loved ones over making sure that all of their communications are encrypted in such a manner that they are indecipherable to Telegram, its employees, or governments with court orders. The original Telegram channel has expanded into a web of accounts for different locations, including specific pages made for individual Russian cities. There's also an English-language website, which states it is owned by the people who run the Telegram channels. The regulator said it had received information that messages containing stock tips and other investment advice with respect to selected listed companies are being widely circulated through websites and social media platforms such as Telegram, Facebook, WhatsApp and Instagram. Individual messages can be fully encrypted. But the user has to turn on that function. It's not automatic, as it is on Signal and WhatsApp. This ability to mix the public and the private, as well as the ability to use bots to engage with users has proved to be problematic. In early 2021, a database selling phone numbers pulled from Facebook was selling numbers for $20 per lookup. Similarly, security researchers found a network of deepfake bots on the platform that were generating images of people submitted by users to create non-consensual imagery, some of which involved children.
from us

Telegram OSHO
FROM American